1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

42

 «Экология: экологиянын негизги максаттары жана милдеттери»

Педагогикалык колледжде БКМк-10-25 тайпасында экология сабагы боюнча ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын темасы «Экология. Экологиянын негизги максаттары жана милдеттери» болду. Ачык сабакта экология илиминин мааниси, анын негизги максаттары — жаратылыш менен адамдын өз ара байланышын изилдөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо маселелери кеңири каралды. Ошондой эле экологиянын негизги милдеттери түшүндүрүлүп, окуучулар активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдиришти. Сабак мазмундуу өтүп, студенттердин экологиялык билимдерин тереңдетүүгө жана келечекте жоопкерчиликтүү мамиле калыптандырууга багытталды