1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

57

"12 жылдык билим берүүдөгү 5E модели жана 4K компетенциялары”

Педагогикалык коллежде “12 жылдык билим берүүдөгү 5E модели жана 4K компетенциялары” аттуу мастер-класс болуп өттү. Иш-чарага колледждин окутуучулары, педагогикалык тажрыйба алмашууну каалаган кесиптештер жана билим берүү чөйрөсүнүн адистери катышты.

Мастер-класстын максаты – катышуучуларга заманбап билим берүү ыкмаларын тааныштыруу жана сабактарды интерактивдүү, кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүнүн практикалык көндүмдөрүн берүү болду. Катышуучулар 5E моделинин беш этабы – Engage (кызыктыруу), Explore (изилдөө), Explain (түшүндүрүү), Elaborate (тереңдетүү), Evaluate (баалоо) – боюнча конкреттүү мисалдар жана практикалык тапшырмалар аркылуу билим алышты. Бул модель окуучуларды сабакка активдүү катыштырууга жана алардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле мастер-класстын алкагында 4K компетенциялары – критикалык ой жүгүртүү, креативдүүлүк, коммуникация жана коллаборация – боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлдү. Тренер Нурлан Кармышаков катышуучуларга практикалык мисалдар жана интерактивдүү талкуулар аркылуу билим алууну кызыктуу жана натыйжалуу кылуунун жолдорун көрсөттү.

Иш-чаранын аягында катышуучулар тажрыйба алмашып, билим берүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча ой-пикирлерин бөлүшүштү. Мастер-класс окуучулар менен эффективдүү иштөө, сабактарды заманбап ыкмаларды колдонуу менен өткөрүү жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча чоң мүмкүнчүлүк түздү.