1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

37

«Тоталитардык режимдин өнүгүшү. Массалык жазалоолор»

БКМб-2-25 тайпасы үчүн ЖББ ПЦКсынын окутуучу Осмонова Элиза «Тоталитардык режимдин өнүгүшү. Массалык жазалоолор» деген темада ачык сабак өткөрдү. Сабактын максаты – студенттерге тоталитардык башкаруунун өзгөчөлүктөрүн жана коомго тийгизген таасирин терең түшүндүрүү болду.

Ачык сабак учурунда студенттер тарыхый фактыларды талдап, массалык жазалоолордун себептери жана натыйжалары боюнча пикир алышышты. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер активдүү катышууга мүмкүнчүлүк алышып, өз ойлорун негиздөөгө үйрөнүштү.

Мындай ачык сабактар студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн, тарыхый окуяларды анализдөө жөндөмүн жана практикалык билимин өнүктүрүүгө багытталган.