1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери үчүн конок-лекция уюштурулду

Б. Осмонов атындагы ЖАМУ илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери үчүн конок-лекция уюштурулду. Иш-чарага Бишкек шаарынын №118 МЧББ мекемесинин тарбиячысы, "Мугалим" журналынын жыйынтыгы менен "Мыкты тарбиячы - 2024" баш байгенин жеңүүчүсү "Мугалим" төш белгисинин ээси Жолдошали кызы Бибигүл конок катары чакырылып, студенттерге "Мектепке чейинки курактагы балдардын сүрөт өнөрүндөгү инновациялык технологиялар" аталышындагы мастер-класс аркылуу азыркы учурдагы ыкмаларды презентациялап, колдонуу ыкмаларын көрсөтүп тааныштырды. Студенттер ар бир ыкмаларды, технологияларды жасап көрүп, билим куржунун толукташты