1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Педагогикалык колледжинде МЧББ программасы талкууланды

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде МЧББ ПЦКсында НББП программасы боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, Манас шаарынын №1 Н.К. Крупская атындагы МЧББУнун директору М.Б. Амиракулова, ЖАМУ МЧББУнун директору В.С. Калыбекова, бүтүрүүчүлөр Н.А. Адашбекова, Жумагүл Курманбек кызы, ошондой эле Педагогикалык колледждин директору К.П. Салибаева жана өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Э.Э. Кудукбаева жана МЧББ ПЦКсынын окутуучулары, студенттери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө МЧББ ПЦКсынын төрагасы А.К. Кыргызбаева НББПсынын мазмунун, макат, милдеттерин тааныштырып, катышуучулардын талкуусуна койду. Жолугушунун катышуучулары окуу программасын өркүндөтүү, өндүрүштүк практиканы күчөтүү жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна даярдыгын жогорулатуу боюнча пикир алмашып, конструктивдүү сунуштарды билдиришти