1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

"Дуалдык окутууда окуучунун көңүлүн жана кызыгуусун жогорулатуу"

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы Ю. Исламов атындагы №34 жалпы билим берүүчү орто мектепте дуалдык окутуу боюнча практикалык сабак уюштурулду.  Педагогикалык колледждин  БКМк-04-24 тайпасынын 3-курстарынын студенттери  Марифжанова Гулсанам Шарабидиновна жана Азимжонова Сугдиёна Боиржоновна сабак өтүштү.

Мектеп окуучуларына дуалдык окутуунун усулдары боюнча интерактивдүү ишмердүүлүктөрдү көрсөтүштү. Практика учурунда студенттер теориялык билимин бекемдеп, сабак өтүүнүн методдору менен тажрыйба жүзүндө колдонду. Сабакка Педагогикалык колледждин Карьера жана өндүрүштүк практика жетекчиси Кудукбаева Элмира жана Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кушбакова Рахат эжекелер катышып студенттердин ишин байкап, баалоо жана кесиптик кеңештерин беришти. Иш-чаранын негизги максаты — болочок мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, заманбап окутуу ыкмаларын практикада колдонуу жана мектеп менен колледж ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болду.