1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

1

«Улуу жазуучунун жүз жылдык жарыгы»      

2025-жылдын 10-декабрнда  БКМбк-01-25 тайпасында улуу жазуучу, ойчул жана дүйнө маданиятынын сыймыгы болгон Чынгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган тарбиялык ачык саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Кудукбаева Элмира алып барды. Ачык саатка жалпы 26 студент активдүү катышты.

Иш-чаранын программасы төмөнкүлөрдү камтыды:

·         Көркөм окуу: Студенттер Айтматовдун чыгармаларынан жүрөккө жеткен үзүндүлөрдү көркөм сүрөттөп окуп беришти.

·         Монолог: “Толгонайдын жер эне менен сүйлөшкөнү” аттуу терең мазмундуу монологду аткарып, студенттер жазуучунун философиялык ой жүгүртүүсүн чагылдырды.

·         Кыргыз улуттук бийи: Улуттук бий аркылуу маданий баалуулуктарды даңазалап, иш-чаранын көркүн ачышты.

·         Учкул сөздөр: Чынгыз Айтматовдун адамгерчиликке, турмуштун маңызына, инсандык наркка байланышкан терең ой-туюмдары окулуп, талкууланды.

Бул ачык сааттын максаты — студенттерге Айтматовдун руханий мурасынын тереңдигин жеткирүү, адамдык касиеттерге тарбиялоо жана маданий баалуулуктарды урматтоого үндөө болду