1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Педагогикалык колледжде “Баатырдын руху — залкардын сөзү” аттуу жумалык жыйынтыкталды

2025-жылдын 11-декабрында Педагогикалык колледждин ЖББ ПЦКсынын демилгеси менен КР Президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №279 Жарлыгынын алкагында ("Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө") жана КР Маданият министрлигинин 2023-жылдын 10-февралындагы №65 токтомунун негизинде (“Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу концепциясы) колледжде “Баатырдын руху — залкардын сөзү” аттуу жумалык өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты: 

4–12-декабрь аралыгында өткөн жумалык Манас жана Айтматов жумалыгы катары белгиленип, студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, улуттук нарк-насилди, руханий баалуулуктарды терең таанып-билүүгө жана даңазалоого багытталды.

Жумалык алкагындагы иш-чаралар:

- Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөр аткарылды; 

- “Манас” эпосунан поэтикалык чыгармалар көркөм окуу аркылуу тартууланды; 

- Жасалма интеллект (ЖИ) аркылуу сүрөттөр кыймылга келтирилип, жандуу баяндоолор уюштурулду;

- Кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, студенттердин чыгармачылыгы көрсөтүлдү.

Бул жумалык — улуу мурасты урматтап, замандын талабына ылайык жаңыча ыкма менен таанытуу аракетинин ачык мисалы болду. Студенттердин активдүүлүгү, мугалимдердин чыгармачылык изденүүсү жана технологияны пайдалануу иш-чараны өзгөчө деңгээлге көтөрдү