1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

116

Дуалдык окутуу алкагында тажрыйба бөлүшүү

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинин окутуучусу А.К. Кыргызбаева Манас шаарындагы №33 «Бермет» мектепке чейинки билим берүү уюмунда дуалдык окутууну уюштуруп, студенттер менен практикалык ишти ийгиликтүү жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучу студенттерге сабак өтүүнүн этаптары боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү берди, ошондой эле мектепке чейинки жаштагы балдар үчүн туура жана кызыктуу тапшырмаларды түзүүнүн жолдорун үйрөттү. Айрыкча, балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармалык ойломун жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча практикалык мисалдар көрсөтүлдү.

Дуалдык окутуунун бул форматы студенттерге теорияны практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем даярдык көрүүгө шарт түздү.

Иш-чара педагогикалык тажрыйбаны байытып, студенттердин методикалык компетенцияларын арттырууга чоң салым кошту