1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Тренд кесиптин ээлери

Бүгүн  Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн “Тренд кесиптин ээлери” темасында мотивациялык жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун максаты: азыркы эмгек рыногунда талап кылынган (тренддеги) кесип ээлери менен тааныштыруу аркылуу, келечектеги карьералык өсүшкө жана илимий ишмердүүлүккө (магистрдик, кандидаттык деңгээлде) мотивациялоо жана багыт берүү. Кирешелүү кесипке болгон кызыгуусун арттыруу болду.

 Иш-чарага педагогика илиминин кандидаттары Турдубаева Бариса Майлыевна жана Рыскулова Гульзат Уметкуловна катышып, мугалимдик кесиптин коомдогу орду, анын өзгөчөлүктөрү, адистикке коюлган талаптар жана билим берүүдө инновацияларды колдонуу тууралуу баалуу маалыматтарды беришти. Атайын даярдалган суроолор боюнча мугалимдик кесипти тандоого эмне түрткү болгонун, ушул кесипти “тренд” кылган негизги факторлор кайсылар деген суроолорго жооп алышты.Студенттердин  ЖИ (AI) жана технологиялар сиздин кесипке кандай таасир берип жатат, Мугалимдик кесип менен бай жашаса болобу?Студенттик кезде кандай окуялар башыңардан өттү эледеген суроолору менен жандуу пикир алмашуу болду. Аягында коноктор сүрөт аркылуу ырдын мазмунун жандырып ырдап беришти. Жолугушуу башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары Мамбетова М.К., Арзыматова В.М. тарабынан уюштурулду