1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Залкар жазуучу Ч. Айтматов ааламы

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин МЧББк-01-25 тайпасында куратор А.К.Кыргызбаева улуу жазуучу, дүйнөлүк адабияттын даңазалуу өкүлү Чынгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасына арналган куратордук саат өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жазуучунун өмүр жолу, анын адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган чыгармалары, философиялык ой жүгүртүүсү жана дүйнөлүк маданияттагы орду тууралуу кеңири маалымат алышты. Айрыкча, Айтматовдун чыгармаларында көтөрүлгөн адамгерчилик, табиятка мамиле, улуттук рух, сүйүү жана милдет сыяктуу темалар талданып, студенттер арасында активдүү пикир алмашуу болду.

  Куратордук саат студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, көркөм чыгарма менен иштөө, ой жүгүртүү жана талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Иш-чаранын соңунда студенттер жазуучунун айрым чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, анын ааламы ар дайым изилдөөгө татыктуу экенин белгилешти.