1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

Манас жана Айтматов жумалыгы педагогикалык колледжде

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-октябрынагы №279 “Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш -чараларды өткөрүү  жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу  жана КРнын МКнын 2023-жылын 10-февралында №65 “Манас”эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча “Манас”-улут биримиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө”токтомунун негизинде 2023-2027-жылдарга бекитилген иш-чаралар планына ылайык окуу жайда “Баатырдын руху,залкардын сөзү”аталышында 4-декабдран 12-декабрга чейин Манас жана Айтматов жумалыгы жарыяланган. Ушул жумалыктын алкагында БКО жана кыргыз тили ПЦКсынын БКМк-01-25, БКМк-02-25, БКМк-03-25, БКМк-04-25 тайпаларынын катышуусунда “Баатырдын руху,залкарын сөзү” темасында сүрөт көргөзмөсү менен биргеликте адабий кече өткөрүлдү. Ч.Айтматовдун “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”чыгармаларынын негизинде сахна көрүнүштөрүн жогорку денгээлде  аткарышты,  “Делбирим”, “Эрте келген турналар”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Кызыл алма”, “Жамиля”, “Гүлсарат”, “ Кыямат”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн” чыгармалары боюнча видеороликтер көрсөтүлдү, ошондой эле сурөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Иш чаранын соңунда активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланышты