1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Педагогикалык колледжинде “Манас”жумалыгы жыйынтыкталды

КРнын МКнын 2023-жылдын 10-февралында №65 “Манас”эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча “Манас”-улут биримдиги жана ынтымагы”маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө”токтомунун негизинде 2023-2027-жылдарга бекитилген иш-чаралар планына ылайык окуу жайда “Баатырдын руху,залкардын сөзү”аталышында 4-декабдран 12-декабрга чейин Манас жумалыгына арналып,бүгүн 8-декабрь  “Манас” жумалыгынын жыйынтыктоочу кечеси салтанаттуу түрдө болуп өттү.

Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Кеченин жүрүшүндө БКМ тайпаларынын студенттери активдүү катышып, хор менен “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү аткарышты. Ошондой эле Манас темасына арналган көркөм номерлер, сахналык көрүнүштөр жана көркөм окуулар көрсөтүлүп, улуттук баалуулукка болгон урмат-сый дагы бир ирет даңазаланды.

Аталган жумалыктын негизги максаты – улуу “Манас” эпосун жаштарга кеңири таанытуу, улуттук рухту көтөрүү жана маданий мурастарды даңазалоо болуп саналат. Жыйынтыктоочу кече жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.