1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

“12 жылдык билим берүүнүн бала бакчага тийгизген таасири”

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин педагогикалык колледжинде конференция  болуп өттүү.  Мында  №1 “Н.К.Крупская” МЧББУнун директору  жана  Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Н.С, колледждин директору  Салибаева К.С, ЖАМУнун өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Кудукбаева Э.Э,  МЧББ КЦКнын окутуучулары жана студенттери катышып, кызуу талкуу болду.  

     Конференциянын жүрүшүндө тарбиячылардын даярдыгына болгон талаптар жогорулашы, педагогикалык жогорку окуу жайларда жана колледждерде мектепке чейинки билим берүү боюнча адистерди окутууну күчөтүү , ата-энелерди бала бакчанын ишмердүүлүгүнө тартуу, педагогдор менен үзгүлтүксүз байланышта болууга үгүттөө жана баланын интеллектуалдык жана социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү керек экени талкууланды.

   12-жылдык билим берүү системасына өтүү мамлекеттеги жалпы билим берүү саясатына олуттуу оңдоолорду киргизүү менен бирге, бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө да натыйжалуу түз таасирин тийгизет.