1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

«Чоң-кичинекей», «узун-кыска» дегенди  туура үйрөтүү

ЖАМУнун  Педагогикалык колледжи.  Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын окутуучусу Галдыбаева В МЧББбк-1-25 тайпасында  ачык  сабак  өттү . Ачык сабактын темасы  сенсордук тарбия.  Сенсордук тарбиянын негизги максаты – балдарга  түстү, форманы, өлчөмдү, айрым мейкиндик  түшүнүгүн айырмалоо жөндөмүн калыптандыруу.  Ошондой эле баланын байкоо, алар менен бирге жалпы жыйынтык чыгаруу жөндөмдөрүн өнүктүрөт.

Сенсордук тарбиянын маанилүү курамы, пирамида мозаика, сенсорттук материалдары жана ар кандай түстөгү, форма ар башка оюн элементтери кирет. Бул материалдар балага өз алдынча изилдөөгө, кармап көрүүгө, салыштырууга жардам берет .

Тарбиячы сенсордук тарбиясында көрсөтмөлүүлүк, практикалык процесс, оюн ыкмаларын жардам берет. Балдар менен бирге түстүү форманы, өлчөмдү колдонуу, «чоң-кичинекей», «узун-кыска» дегенди  туура үйрөтүү

Сенсордук тарбия жана өз учурунда баланын сүйлөөсү, көңүл буруусу жана майда моторикасы жакшы өнүгөт. билим берүү тармагында сенсордук тарбия – баланын  өнүгүүсүнө  баштапкы жана абдан маанилүү баскыч.