1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

75

“Баатырдын руху, залкардын сөзү”

Иш-чаранын максаты — жаш муунга кыргыз элинин улуу эпикалык мурасы болгон “Манас” эпосунун тарбиялык маанисин, тарыхый баалуулугун жана руханий касиеттерин терең таанытуу, улутчулдукту, мекенчилдикти жана биримдик сезимин калыптандыруу болду.

Тарбиялык саат учурунда студенттерге эпостун жаралышы, анын дүйнөлүк маданияттагы бааланып жаткан орду, Манас бабанын образындагы эрдик, адилеттик жана элдик биримдик идеялары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Студенттер өздөрү даярдаган көркөм окууларды, эпостан алынган үзүндүлөрдү, сахналаштырылган чакан көрүнүштөрдү көрсөтүп, Манас, Бакай, Каныкей өңдүү каармандардын мүнөздөрүн чагылдырып беришти. Ошондой эле “Манас” эпосунун бүгүнкү жашоодогу мааниси жөнүндө кызуу талкуу уюштурулуп, ар бир студент өз пикирин билдире алды. Иш-чара жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучулар эпостун терең мазмунуна сүңгүп, кыргыз элинин руханий байлыгын дагы бир ирет таанып-билишти. Тарбиялык саат студенттердин мекенчилдик сезимин бекемдеп, улуттук мураска болгон сый-урматын күчөттү.