1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

“Жетекчи менен бир саат”

"Келечекке кадам" аталышында Педагогикалык колледждин директору Кенжегүл Салибаева  студенттер менен маанилүү жолугушуу уюштурду. Жолугушууда билим берүү процесси, кесиптин маанилүүлүгү жана студенттик жашоонун эрежелери талкууланды. Келечек мугалимдер катары студенттердин  жолу талкууланды. Студенттердин ар бири – өлкөбүздүн билим берүү тармагынын жаркын келечеги экендигин түшүндүрдү. Ар тараптуу өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлгөндүгүн, баалоо ачык АВН порталында болоорун белгиледи. Колледждин эрежелерин сактап, академиялык тазалыкты камсыз кылуу – бул сиздердин кесиптик этикаңыздын башталышы. Суроо-жооп бөлүгүндө студенттер өздөрүнүн бардык суроолоруна жооп алышты. Терең билим алууга окууга, жоопкерчилик жана колледж жашоосуна активдүү катышууга чакырды.Бул иш-чара жаш муундар үчүн мотивациялык күч берүү менен бирге,кесипке болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү