1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Педагогикалык колледжинде педагогикалык кеңеш өткөрүлдү

Бүгүн ЖАМУнун педагогикалык колледжинде педагокикалык кеңеш (педсовет) өткөрүлдү. Жыйын колледждин директору К.П. Салибаева тарабынан ачылып, күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды.

Педагогикалык кенеште 1-модулдун жыйынтыктары талданып, электрондук журналдын толтурулушу боюнча маалыматтар угулду. Ошондой эле студенттердин билимин баалоо маселеси талкууланып, кышкы сессияга карата даярдыктар боюнча тапшырмалар берилди. Графиктерди топторго өз убагында жеткирүү жана отчеттук иштерди так жүргүзүү боюнча да көрсөтмөлөр айтылды.

Жыйындын соңунда жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмалар коюлуп, алдыдагы иш-чаралар такталды