1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

“Чынгыз Айтматов – кыргыз жана дүйнө адабиятынын жарык жылдызы”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-хылдын 3-октябрынагы №279 “Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш -чараларды өткөрүү  жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу  жана КРнын МКнын 2023-жылын 10-февралында №65 “Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча “Манас” - улут биримиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө” токтомунун негизинде 2023-2027-жылдарга бекитилген иш-чаралар планына ылайык окуу жайда “Баатырын руху,залкардын сөзү” аталышында 4-декабдран 12-декабрга чеин Манас жана Айтматов жумалыгынын алкагында Педагогикалык колледжинин “Чынгыз Айтматов – кыргыз жана дүйнө адабиятынын жарык жылдызы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага мугалимдер, окуучулар жана коноктор катышып, Айтматовдун дүйнөлүк маданияттагы орду, чыгармаларынын философиялык тереңдиги жана адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган идеялары талкууланды. Катышуучулар жазуучунун өмүр жолу, эмгектери жана анын муунун тарбиялоодогу мааниси тууралуу баяндамалар менен чыгышты.

Негизги максат Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурасын кеңири таанытуу, студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, улуу жазуучунун адамзаттык баалуулуктарга үндөгөн идеяларын жаштардын аң-сезимине сиңирүү, маданий жана руханий тарбияны өркүндөтүү.

Тегерек столду уюштуруучу окутуучулар Маткасымова А.М., Маматкулова Н.М., Мамбетова М.К.