1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

“Кыргыз адабий тилинин колдонулуу чөйрөсү жана анын бүгүнкү коомдогу орду”

Педагогикалык колледждин окутуучулары үчүн тажрыйба алмашуу максатында мастер-класс уюштурулду. Иш-чараны БКМ жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Козубаева Сабира  жетектеп, “Кыргыз адабий тилинин колдонулуу чөйрөсү жана анын бүгүнкү коомдогу орду”  деген темада  практикалык семинар өткөрүлдү .

Мастер-кластын жүрүшүндө катышуучулар адабий тилдин коомдук турмуштагы ролу, кесиптик коммуникациядагы мааниси, сабак берүү процесстеринде адабий тилди туура жана натыйжалуу колдонуу ыкмалары тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш-чара жандуу талкуулар, практикалык тапшырмалар жана методикалык кеңештер менен коштолуп, окутуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба болду.

Колледж администрациясы жана катышкан окутуучулар Сабира эжекеге көрсөтүлгөн методикалык колдоосу, чыгармачыл мамилеси жана кесиптик чеберчилиги үчүн терең ыраазычылык билдиришет