1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Педагогикалык колледжинде “Манас” жумалыгы башталды

2025-2025-жылдын 1-декабрь күнү Педагогикалык колледжи 4-декабрь Манас эпосунун күнүнө карата "Манас - кыргыз элинин улуу мурасы" деген аталышта Жалал-Абад облустук китепканасы менен биргеликте тематикалык кече өткөрүлдү. Кечеге Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад областтык филармониясынын  манасчысы Маатов Алимбай, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин философия кафедрасынын профессору тарых илимдеринин кандидаты Дүйшеев Жеңишбек Аматысакович катышып, Манас эпосунан үзүндү жана эпосту популярдаштыруу,эпосту муундан-муунга жайылтуудагы  идеялогиялык маанилерине токтолуп студенттерге кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Ошоной эле  таланттуу манасчы Исабаева Сайкал,Исабаева Азиза "Манас 1000"орто мектебинин окуучулары Кыдырмышов Халит, Нурланбеков Илияс Манас эпосунан үзүндүлөр айтып беришти.  Манасчы А.Маатов Манас эпосуна кеңири токтолуп Манас эпосунан үзүндү айтып берип,кечеге өзгөчө кызыгууну  тартуулады.

 Китепкана – бул билимдин жана маалыматтын борбору болуп саналат.  Китепканалар билим алуунун, изилдөөлөрдүн жана эс алуунун эң сонун орду болуп эсептелет ошондуктан бул иш-чаранын жүрүшү стуенттер үчүн бир топ кызыгууну жаратууга өбөлгө болду.