1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

Темперамент жана анын инсандык өнүгүүгө тийгизген таасири

Бүгүн, 01.12.2025 ж., педагогикалык колледжде башталгыч класстын мугалими жана КТ ПЦКнын окутуучусу Досалиева М. эже БКМ 11-24 тайпасына «Темперамент» темасында ачык саат өткөрдү.

Сабактын максаты – студенттерге темперамент түшүнүгүн түшүндүрүү, анын түрлөрүн тааныштыруу жана студенттердин өз темпераменттерин аныктоо жөндөмүн өнүктүрүү. Ошондой эле сабак инсандык жана профессионалдык мүнөзгө темпераменттин тийгизген таасирин талдоого багытталган.

Сабак учурунда студенттерге темпераменттин төрт негизги түрү – сангвиник, холерик, флегматик жана меланхолик – кененирээк түшүндүрүлдү. Ар бир түрдүн өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана мүмкүн болгон кемчиликтери практикалык мисалдар менен көрсөтүлдү.

Студенттер практикалык тесттерди толтуруп, өз темпераменттерин аныкташты. Андан соң топтук талкуулар жана суроо-жооп аркылуу студенттер ой-пикирлерин бөлүшүп, бири-бирин баалашты.

Сабактын аягында окутуучу теманын маанисин кыскача кайталап, темпераментти билүүнүн инсандык жана кесиптик өнүгүүгө тийгизген маанисин баса белгиледи. Сабак жандуу, кызыктуу жана интерактивдүү маанайда өттү.