1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Базалык мектептин тажрыйбалуу мугалимдери  конокто

28-ноябрь күнү ЖАМУнун педагогикалык колледжинде башталгыч класстардын мугалими адистигинин студенттери үчүн 12 жылдык билим берүүдөгү 1-2-класста кыргыз тили жана окуу сабагын окутуудагы жаңылыктар жана өзгөчөлүктөр деген темада конок-лекция окутуучулар Мамбетова Мирагүл Кожомбердиевна жана Тобокелова Саламат Амановна тарабынан уюштурулду.

Конок-лекцияга Манас шаарындагы № 4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалимдери Умарова Гүлмайрам, Умарова Рано эжекелер башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары, 2 курстун студенттери катышышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

1-2-класстар үчүн кыргыз тили жана окуу предметтериндеги жаңылыктар жана өзгөчөлүктөр;

12 жылдык программа менен окуган 2-класстагы окуу процессинин өзгөчөлүктөрү;

Сабак өтүүдөгү методикалык өзгөчөлүктөр жана учурда колдонулуп жаткан окутуу ыкмалары менен тааныштыруу;

Азыркы учурда кыргыз тили жана окуу сабагындагы жумушту дептерлерди колдонуунун өзгөчөлүктөрү;

Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу Тобокелова Саламат жаңыланган стандарт, предметтик натыйжалар, компетенттик мамиленин ролу деген темада презентация жасады. Иш-чара студенттердин кесиптик өсүүсүнө жана 12 жылдык билим берүү шартында мектептеги окутуунун учурдагы талаптары менен таанышты..