1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

53

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде «Алтын казык»  Улуттук программасынын  алкагындагы семинар-тренинг

Т.Эрматов атындагы Бишкек  музыкалык-педагогикалык институтунун Мектепке чейинки  билим берүү адистигинин окутуучулары Кутманалиева Динар Орозбековна жана Турсункулова Назира Асактовна тарабынан 27-ноябрь күнү "Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун" илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин педагогикалык колледжинде семинар-тренингдер өткөрүлдү.  Мында мектепке чейинки билим берүү адистигинин окутуучулары жана студенттери катышып, кызуу талкуу болду.

     Бул иш-чаралар ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен GPE долбоорунун “Алтын-Казык” программасынын алкагында билим берүү системасын чыңдоо багытында  уюштурулду.

Негизги темалар.

“Алтын казык” Улуттук программасы жана билим берүүнү трансформациялоо

-Мектепке чейинки  билим берүүнүн заманбап багыттары

Мектепке чейинки билим берүүнүн

Мамлекеттик стандарты жана 1-6 жаштагы  балдарды өнүктүрүү программасы

-Улуттук оюндардын тарбиялык мүмкүнчүлүктөрү

-Психологиялык бейпилдик боюнча колдонмо менен иштөө. Ошону менен бирге  педагогикалык колледжге психологиялык бейпилдик боюнча колдонмо жана жумушчу дептерлерин белекке калтырышты.