1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 часа назад

7

Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын МЧББб-к-2-23 тайпаларына методикалык жардамдашуу

 Педагогикалык колледждин мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын  окутуучулары  А.К. Кыргызбаева, В.А. Галдыбаева МЧББ-2-23 жана МЧББк-2-23 тайпаларынын студенттерине педагогикалык практика учурунда үзгүлтүксүз методикалык колдоо көрсөтүп келишет.  Практиканын жүрүшүндө окутуучулар студенттерге тарбиялык иштин мазмунун пландаштыруу, балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу, сабак жана оюн ишмердүүлүгүн туура уюштуруу боюнча багыт берип, практикалык көндүмдөрүн чыңдоого көмөк көрсөтүшүүдө.

Методикалык жардамдашуунун алкагында:

практика күндөлүгүн туура жана толук толтуруу;

балдар менен иштөөдөгү педагогикалык ыкмаларды колдонуу;

билим берүү процессинин пландарын түзүү;

көрнөктөрдү даярдоо жана колдонуу;

тарбиялык иштердин жүрүшүн талдоо жана рефлексия жүргүзүү

сыяктуу иш багыттары боюнча түшүндүрмө, кеңеш жана практикалык колдоо көрсөтүлдү.