1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 часа назад

8

Эл аралык форум – 2025

2025-жылы 21- ноябрда  өткөн Эл аралык форумду Психологдор ассоциациясынын президенти, психология илимдеринин доктору, профессор Шакеева Чинара Асановна жана ОшМУнун профессору, психология илимдеринин доктору Жолдошова Акчач Олмасовна жүргүзүштү. Жылдын темасы: «Мигрант үй-бүлөлөрүндөгү зомбулуктун психологиялык кесепеттери: балдарды колдоонун илимий ыкмалары» Кошумча секция: «Заманбап адамдын ички потенциалын ачууда психологиянын ролу»

Бул форум психология жана педагогика тармагындагы адистер үчүн маанилүү илимий-практикалык аянтча болуп, балдардын коопсуздугун жана психологиялык жыргалчылыгын камсыздоого багытталган жаңы илимий ыкмалар менен тааныштыруу максатын көздөдү.

Форумга катышкан мугалимдер:

Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

 – Жолдошалиева Нуриякан Султановна

Педагогикалык колледждин Карьера жана өндүрүштүк практиканын жетекчиси

 – Кудукбаева Элмира Эмилисовна

Педагогикалык колледждин директору – Салибаева Кенжегүл Паратовна

Тарбиялык иштер боюнча жетекчи – Кушбакова Рахат Шукуровна Форумдун жыйынтыгында катышкан мугалимдерге сертификаттар тапшырулду.

Ошондой эле Педагогикалык колледждин студенттери форумга угармандар катары катышып, жаңы илимий маалыматтарды угуп, өздөрүнүн кесиптик дүйнө тажрыйбасын байытып кайтышты.