1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 часа назад

7

Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик

"Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу боюнча сабак-практика Дене тарбия жана спорт багыты боюнча «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» программасынын алкагында студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу   өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасында жашаган этностордун элдик спорт түрлөрүн жандандыруу, алардын мыкты үлгүлөрүн дүйнө коомчулугуна таанытуу, ошондой эле кыргыз элин ыкчамдыкка, шайдооттукка, тайманбастыкка, чечкиндүүлүккө, тапкычтыкка, ойчулдукка жана сабырдуулукка тарбиялоо болуп эсептелет.

Педагогикалык практиканын алкагында дене тарбия адистигинин    студенттер  № 6 жалпы билим берүү мектебинде   Раззаков Мазакбай агайдын жетекчилигинде сабак өтүштү.

Сабакта улуттук оюн “Тогуз коргоол” тааныштырылып, анын эрежелери, тарыхый мааниси жана адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү ролу кеңири көрсөтүлдү.

Бул практикалык сабак студенттерге улуттук оюндарды окутуунун ыкмаларын өздөштүрүүгө, ошондой эле дене тарбия сабагында элдик спорттун элементтерин колдонуу усулдарын үйрөнүүгө шарт түздү.

Максат: Жаш муундардын руханий жана физикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн улуттук оюндарды жайылтуу аркылуу "улуттук дем" аркылуу дүйнөлүк бийиктикке жетүүнү үйрөтүү.