1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 часа назад

8

СМАРТ-доска, интерактивдүү панель жана санариптик ресурстарды колдонуу 

“Башталгыч класстарды окутуу” адистиги боюнча студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Сабак № 25 жалпы билим берүү мектебинде болуп өтүп, аны Кудукбаева Элмира Эмилисовна өткөрдү.

  Жумуш ордунда окутуунун  максаты: Башталгыч класстарда окутуу адистиктеги педагогикалык практикада жүргөн студенттер  заманбап технологиялар менен айкалыштырып, санариптик окутуунун ыкмаларын өздөштүрүү, интерактивдүү окутуу чөйрөсүн түзүүнү үйрөтүү, мугалимдердин жана студенттердин цифрдык сабаттуулугун жогорулатуу.Сабактын жүрүшүндө студенттер:

СМАРТ-досканын жана интерактивдүү панелдин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты; Санариптик билим берүү ресурстарын (презентациялар, видеосабактар, онлайн тапшырмалар) колдонуп сабак даярдоонун ыкмаларын үйрөнүштү; Башталгыч класстарда окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырышты. Бул сабак-практика студенттер үчүн замандын талабына жооп берген мугалимдик кесипкөйлүктү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноду.