1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

13

Жугуштуу оорулар боюнча тарбиялык сааттарды өткөрүүнүн максаты — коомчулукту бул оорулар тууралуу маалымдоо жана алдын алуу чаралары боюнча билим берүү

Бул жумада Педагогикалык колледждин окутуучулары Нурмамат кызы Дилде,Тайшынова Атыргул,Калчакеева Айдай,Айдарова Нуржамал,Шамшиев Канат ,Султанова Гулбарчын,Мамбетова Мира  “Кызамыктын алдын алуу жолдору”деген темада тарбиялык сааттарды  уюштурушту. Бул иш-чаралардын негизги багыты жугуштуу оорулардын жайылышын азайтуу жана калктын ден соолугун коргоо болуп саналат. Тарбиялык сааттардын жүрүшүндө студенттерге  жугуштуу оорулардын белгилери, жугуу жолдору жана алдын алуу ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, бул иш-чаралар гигиена эрежелерин сактоого, туура тамактанууга жана вакцинациянын маанилүүлүгүнө басым жасоо аркылуу адамдарды сергек жашоо образына үндөйт. Тарбиялык сааттардын эффективдүүлүгү коомдун ден соолук деңгээлин жакшыртууга жана оорулардын алдын алууга чоң салым кошот