1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

8

“Кызамык оорусун алдын алуу”

Бүгүн Педагогикалык колледжде кызамык оорусуна байланыштуу тарбиялык саат өттү. Бул иш-чараны ЖББ ПКнын окутуучусу Айдай Кубанычбековна  БКМ-6-25 тайпасына  “Кызамык оорусун алдын алуу”деген темада өттү.

Иш-чара учурунда студенттерге кызамык оорусунун белгилери, алдын алуу жолдору жана жеке гигиена эрежелери тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Студенттер активдүү катышып, суроолорун беришти жана ооруга каршы сактануу чаралары боюнча өз билимдерин бекемдешти.

Тарбиялык сааттын максаты – студенттерди кызамык оорусун алдын алуу тууралуу маалымдоо жана ден соолукка кам көрүүнүн маанисин түшүндүрүү болду.