1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

12

Формативдик баалоо усулдары боюнча семинар

Кечээ Манас шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинде педагогикалык колледждин практикант студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарды педагогикалык колледждин окутуучулары Тобокелова С., Маккамбай кызы Р. уюштурушту.

Иш-чаранын негизги максаты формативдик баалоонун натыйжалуу ыкмаларын практикалык шартта үйрөтүү жана студенттердин методикалык даярдыгын чыңдоо болду. Семинарда төмөнкү формативдик баалоо усулдары практикалык мисалдар менен каралды:

• «Баалоо баракчасы» – окуучунун ишин критерийлер боюнча системалуу баалоо;

• «Достук баалоо» – бири-бирин колдоо жанаөнүктүрүүчү пикир берүү маданиятынкалыптандыруу;

• «Багыт берүүчү фидбэк» – окуучунун алдыга жылуусуна шарт түзгөн так жана конструктивдүү пикир берүү.

Практикант студенттер бул ыкмаларды сабакта кантип натыйжалуу колдонуу керектигин өз көздөрү менен көрүп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту