1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

16

«Ыктымалдыктар теориясынын пайда болушу»

Педагогикалык колледжде ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Токтосунова З. «Ыктымалдыктар теориясынын пайда болушу» темасында ачык сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер ыктымалдык теориясынын тарыхый калыптанышы, анын алгачкы илимий изилдөөлөрү жана бүгүнкү күндөгү колдонулуш тармактары боюнча кеңири маалымат алышты. Иш-чара интерактивдүү тапшырмалар, мисалдар жана  талкуулар менен коштолуп, студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгө багытталды. Студенттер презентация жасашты, топтук иштерге активдүү катышышты жана практикалык маселелерди чечүү менен сабактын мазмунун тереңирээк түшүнүштү. Окутуучунун чыгармачыл ыкмалары жана интерактивдүү формат сабакты көркөм жана эсте каларлык кылып, катышкан студенттер үчүн пайдалуу болду.