1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

11

17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Педагогикалык колледжде 1-курстарды студенттик катарга кабыл алуу "Менин алгачкы студенттик күнүм" аттуу салтанаты өттү.

Педагогикалык колледжде 17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө арналган салтанаттуу кечеде 1-курстарды студенттик катарга кабыл алуу аземи жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы кабыл алынган студенттер өздөрүнүн студенттик антын берип, билим ачкычын алып билим жолундагы алгачкы кадамдарын расмий түрдө башташты.

Колледждин директору К.Салибаева жаштарга кайрылып, алардын окуудагы ийгиликтерине ишенимин билдирип, жаңы баштап жаткан билим жолунда ар дайым шыктанып, жоопкерчиликтүү болууга чакыруу менен төмөнкүлөрдү баса белгиледи:

“Окуу жайда билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Илимий-изилдөө аракеттерине, стартап долбоорлорду иштеп чыгууга, чыгармачылык жана спорттук ийримдерге кеңири мүмкүнчүлүк бар. Колледждин жогорку тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдери ар бириңердин өнүгүүңөргө багыт берип, сапаттуу билим берүүгө даяр. Силердин ийгилигиңер — биздин башкы максат жана сыймык.”

Бул кечеде ар бир тайпага өзүнчө чыгармачылык тема берилип, студенттер алгачкы жолу сахнага чыгып, таланттарын жана өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты. Ар бир тайпанын аткаруусу атайын номинациялар менен бааланып, студенттердин чыгармачыл дарамети жана демилгеси өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын дагы бир сыймыктуу көз ирмеми — колледждин мыкты бүтүрүүчүсү М. Кеңешбековна учурда Инновациялык мектептин Башталгыч класстарынын окуу иштери директордун орун басары катышып, эң мыкты аткарууларга өз белегин тапшырды. Өз сөзүндө

“Мен бул колледжден мыкты билим алып, бүгүнкү күндөгү ийгиликтериме ушул окуу жайдын берген тажрыйбасы чоң өбөлгө болду. Ушул жерден калыптандым, кесибиме болгон сүйүүм дал ушул жерде ойгонду. Силерге да кеңешим — берилген мүмкүнчүлүктү баалап, тынымсыз изденүү менен алдыга умтулуу. Эмгек, тартип жана максаттуу аракет адамды сөзсүз ийгиликке жеткирет. Колледжде өтө турган ар бир күнүңөрдү баалап, окутуучуларыңардан билим алууга умтулгула” — деп белгиледи.

Ал ошондой эле мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, Педагогикалык колледж ар дайым анын жүрөгүндө өзгөчө орунда турарын айтты.

Бул кечеде студенттердин чыгармачылыгы, биримдиги жана окууга болгон дилгирлиги айкын көрүнүп, алардын студенттик жашоодогу эң маанилүү — биринчи барагы ачылды. ‎<Сообщение изменено>