1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

"Маалымат технологияларынын инновациялык тиркемелерин билим берүүдө күнүмдүк сабактарда колдонуу"

Бүгүн, 21.11.2025-ж., педагогикалык колледждин ЖББ ПЦКсынын окутуучулары Арзыматова Ч. жана Орункулова Д. тарабынан «Маалымат технологияларынын инновациялык тиркемелерин билим берүү процессинде натыйжалуу колдонуу» деген темада мастер-класс өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар күнүмдүк сабактарда колдонууга ылайыктуу санариптик платформалар, интерактивдүү колдонмолор жана заманбап педагогикалык технологиялар боюнча практикалык тажрыйба бөлүшүп, катышуучулар менен биргеликте колдонмо иш-аракеттерин аткарышты.

Мастер-класс мугалимдердин санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, методикалык ишти өркүндөтүүгө жана билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык оптималдаштырууга багытталды.