1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

42

"Инновациялык окутуу ыкмалары: теориядан практикага"

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары менен ПКнын окуучуларынын катышуусунда инновациялык педагогикалык технологияларды талдоого жана методикалык тажрыйба алмашууга багытталган биргелешкен тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — учурдагы билим берүү процессинде колдонулуп жаткан окутуунун жаңы формаларын жана усулдарын илимий негизде кароо, алардын эффективдүүлүгүн баалоо жана практикада колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болгон.Тегерек столдун алкагында окутуучулар заманбап окутуу стратегиялары, санариптик ресурстарды интеграциялоо, компетенттүүлүккө багытталган окутуунун теориялык моделдери жана практикалык колдонмолору боюнча мазмундуу баяндамаларын сунушташты. Алар билим берүүдөгү инновациялардын ролун, студенттик мотивацияга жана усулдук ишмердүүлүккө тийгизген таасирин илимий негизде талкуулашты.Ошол эле учурда, окуучулар өздөрүнүн долбоордук иштерин, практикалык иштердин жүрүшүндө колдонулган технологияларды жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштап, теориялык билимдерди практикада ишке ашыруунун конкреттүү мисалдарын көрсөтүштү. Бул аларга изилдөөчүлүк жана чыгармачылык компетенцияларын өнүктүрүүгө шарт түздү.Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ортосундагы профессионалдык кызматташтык чыңдалып, тажрыйба алмашуунун жаңы форма жана методдору аныкталды. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар иштелип чыгып, колледждин окутуу процессин өркүндөтүүгө арналган методикалык багыттар белгиленип чыкты.Бул тегерек стол билим берүү чөйрөсүндө инновациялык мамилелерди өнүктүрүүгө, окутуучулардын илимий-методикалык потенциалын жогорулатууга жана окуучулардын практикалык даярдыгын күчөтүүгө маанилүү өбөлгө түздү