1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

Менин алгачкы студенттик күндөрүм

2025-2026-окуу жылынын 17-ноябрь күнү  «Студенттердин эл-аралык күнү» майрамына карата Педагогикалык колледжинде тарбиялык сааттар өтүлдү. БКМк-6-24 тайпасынын куратору Нускаыйм Исраилова ачык тарбиялык саат уюштурду. Бул күн билим алуунун, жаңы жетишкендиктердин жана чексиз мүмкүнчүлүктөрдүн символу экени айтылып, бул майрамдын келип чыгуу тарыхы баяндалып,көркөм окуулар,ыр жана бийлер коштоду. Ошондой эле тарбиялык саатка катышкан окутуучуларга конкурстар уюштурулуп, жылуу маанай тартуулашты.