1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

75

«Улуттук оюндар»

2025-жылдын 12-ноябрында Педагогикалык колледжде ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Султанова Г. БКМ 4-25 тайпасына «Улуттук оюндар» деген тарбиялык саат өттү. Иш-чаранын максаты – улуттук оюндардын тарбиялык маанисин түшүндүрүү, студенттерди ата-бабалардын каада-салтын урматтоого, биримдикке жана достукка чакыруу болду.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин улуттук оюндарынан «ордо», «алчы таш», «аркан тартыш», «сак салуу» сыяктуу оюндар менен таанышып, алардын эрежелери жана мааниси жөнүндө кызыктуу маалымат алышты. Студенттер активдүү катышып, өз ойлорун билдиришти жана айрым оюндарды көрсөтмө түрүндө ойношту.

Иш-чара жандуу жана кызыктуу өтүп, катышуучулар улуттук оюндардын тарбиялык маанисин жана руханий баалуулугун терең түшүнүштү