1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

75

«Дидактиканын концепциялары»

Бүгүн Педагогикалык колледжде ОШМУнун Индустриалдык- педагогикалык колледжинен чакырылган окутуучулар студенттер  үчүн «Дидактиканын концепциялары» темасында конок лекция өткөрүлдү.Лекциянын максаты — педагогикалык процесс жана окутуунун теориялык негиздери боюнча окутуучулардын билимин кеңейтүү, замандын талабына ылайык окутуунун эффективдүү методдорун талкуулоо жана колдонууга үйрөтүү болуп эсептелди. Лекция учурунда катышуучулар дидактикалык концепциялардын тарыхый өнүгүшү, негизги теориялык моделдери жана заманбап билим берүү системасындагы ролу тууралуу маалымат алышты. Практикалык мисалдар жана интерактивдүү талкуулар лекциянын илимий негиздүүлүгүн бекемдеп, катышуучулардын педагогикалык компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.Конок лекция окутуучуларга билим берүү жана илимий-методикалык тажрыйбаны бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берди, ошондой эле дидактика жаатындагы заманбап концепцияларды практикалык колдонууга илгерилетти.