1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

75

Студенттер педагогикалык практикасын башташты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык колледжинде 2025–2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык “Башталгыч класстарды окутуу жана кыргыз тили” ПЦКсынын “Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин студенттери үчүн педагогикалык практика башталды.

БКМб-2-23(9), БКМк-01-03-04-05-24(11), БКМк-2-3-4-5-6-7-23(9) тайпаларынын студенттери 10-ноябрдан 20-декабрга чейин базалык мектептерде практикалык ишмердүүлүк жүргүзүшөт.

Бүгүн студенттер Жалал-Абад шаарынын, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун мектептерине жайгаштырылды.

Практиканын максаты — студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоо, окутуунун заманбап методдорун өздөштүрүү, сабак өтүү, окуучулар менен иштөө жана баалоо процессинде тажрыйба топтоо.

Педагогикалык практика студенттерге теориялык билимин практика менен айкалыштырып, келечектеги мугалимдик ишмердүүлүккө багыт алууга мүмкүнчүлүк берет