1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

60

Педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү

2025-жылдын 5-ноябрында педагогикалык колледжде «Үлгү сабак иштелмесин даярдоонун структурасы жана талаптары» аттуу методикалык семинар-конференция болуп өттү. Иш-чаранын максаты – студенттерге сабак иштелмесинин түзүлүшүн, этаптарын жана методикалык талаптарын түшүндүрүү, ошондой эле үлгү сабактардын иштелмелерин талдоо аркылуу практикалык көндүмдөрүн өрчүтүү болду.

Семинар БКО жана КТ ПЦКсынын практика жетекчиси Арзыматова В.М. тарабынан уюштурулуп, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк  практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С.Жолдошалиева, педагогикалык колледждин өндүрүштүк практика жетекчиси Э.Э.Кудукбаева жана педагогикалык практика боюнча жетекчилери, ошондой эле БКМб-2-23, БКМк-01-03-04-05-24, БКМк-2-3-4-5-6-7-23 тайпаларынын студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар Тобокелова С.А, Маткасымова А., БакееваН., Касымова А, Ордобекова Н, Маккамбай к Р, Нуркулова А, Торобекова М тарабынан предметтер боюнча (математика, кыргыз тили жана адабий окуу, мекен таануу, музыка, сүрөт, дене тарбия) үлгү сабак иштелмелеринин презентациялары сунушталды. Ар бир презентациядан кийин талкуу уюштурулуп, сабак иштелмесин түзүү боюнча методикалык сунуштар берилди.

Конференциянын соңунда педагогикалык практика боюнча «жол картасы» тааныштырылды, студенттер практика учурундагы негизги багыттарды карап чыгып, аткарылуучу иштерди презентациялашты. Иш-чара жыйынтыктоочу пикирлер жана сунуштар менен аяктады.

Бул иш-чара студенттердин кесиптик даярдыгын арттырып, аларды өз алдынча сабак пландарын түзүүгө шыктандырды.