1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

51

Санарип доорундагы адабият

Бүгүн БКМ жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Нуркулова Акылай эже БКМк-2-23тайпасына  «Санарип доорундагы адабият» деген темада кызыктуу жана маанилүү сабак өттү. Сабактын негизги максаты — азыркы технологиялык өнүгүү шартында адабияттын жаңы өңүттөрүн изилдөө, санарип чөйрөдө адабиятты кабыл алуу жана аны сактап калуу жолдорун талкуулоо болду.

Акылай эже сабакта электрондук жана аудиокитептердин пайдасы, интернеттеги адабий блогдор менен социалдык тармактардагы чыгармалардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттер менен бирге классикалык чыгармалардын санарип форматтагы көрүнүштөрүн талдап, алардын заманбап окурманга тийгизген таасирин талкуулашты.

Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер активдүү катышышты, өз ойлорун жана көз караштарын ортого салышты. Айрым студенттер өздөрү окуган электрондук китептерди сунуштап, адабияттын санарип доорундагы ролу тууралуу кызыктуу пикирлерин билдиришти.

Сабактын соңунда Акылай эже студенттерди санарип технологиялардын өнүгүшүнө карабастан, адабиятка болгон сүйүүнү жана руханий баалуулуктарды сактоого чакырды.

Бул сабак студенттер үчүн пайдалуу болуп, аларга адабият менен технологиянын байланышын түшүнүүгө жана санарип дүйнөдө руханий дүйнөнү унутпоого чоң түрткү берди.