1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

76

«Улуттук оюндар» темасында ачык сабак 

Бугүн  Педагогикалык колледжинде К. Раззаков  агай  ДТк2-23 тайпасына «Улуттук оюндар» деген темада ачык сабак өттү. Сабактын негизги максаты — студенттерге кыргыз элинин бай маданиятын, улуттук оюндардын тарыхын, маанисин жана тарбиялык ролун кеңири таанытуу болду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер ар кандай улуттук оюндар менен таанышып, алардын эрежелерин үйрөнүштү жана практикалык түрдө ойношту. Өзгөчө «Ордо», «Топ таш», «Ак чөлмөк», «Алакүчүк» сыяктуу оюндар боюнча таймаш уюштурулуп, студенттердин кызыгуусу жогору болду.

Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, окутуучу окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонду. Студенттер активдүү катышып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу маанилүү экенин түшүнүштү.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, сабактын жыйынтыгы боюнча мыкты студенттер белгиленди.