1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

49

"Өткөндү урматтаган - келечекти баалайт"

2025-жылдын 4-ноябрында Педагогикалык колледждин БКМк-7-25 тайпасында 7-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата" Өткөндү урматтаган - келечекти баалайт!" аттуу куратордук саат өтүлдү. Сабактын жүрүшүндө кыргыздын чыгаан уулдары: Исхак Раззаков, Дооронбек Садырбаев, Зияш Бектенов, Жусуп Мамай, Касым Тыныстанов, Алыкул Осмонов, Чолпонбай Түлөбердиевдердин жасаган эмгектери эскерилип, алар тууралуу маалыматтар айтылды. Сабактын аягында ар бир студент "Алдыда мекен үчүн кандай эмгек кыла алам?" деген суроого жооп жазышты. Эң мыкты жазылган пикир баса белгиленди.