1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

70

“Улуттук дем – Дүйнөлүк бийиктик”

Кыргыз эли – жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өзүнүн баштапкы аталышын, мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, адамзат өркөнүнө орчундуу салым кошкон, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс журт.

  “Улуттук дем – Дүйнөлүк бийиктик”  уңгүжолунун алкагында  Педагогикалык колледжинде 5-ноябрь күнү БКМб-2-24 тайпасында “Кыргыз суусундуктары улуттук бренд”  деген темада куратор Мира  Мамбетова куратордук саат өттү. Кыргыздын байыртадан колдонулуп жаткан суусундуктарынын баалуулуктары жөнүндө сөз болдү. Суусундуктардын даярдоо жолдорун, түрлөрүн жана ден соолук үчүн баалуулуктарын студенттер презентация жасап түшүндурүштү. Бул суусундуктар биз үчүн тарых эле эмес, мурас, аманат деген жыйынтыкка келишти. Газдалган суусундуктардын ордуна өзүбүздүн суусундуктарды ичүүнү сунушташты. Кыргыз суусундуктары муундан–муунга калуучу улуттук брендибиз.