1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

Педагогикалык колледжде Ата-Бабаларды эскерүү күнүнө арналган конок лекция болуп өттү

2025-жылдын 6-ноябрында Педагогикалык колледжде 7–8-ноябрь – Ата-Бабаларды эскерүү күнү белгиленгенине карата мазмундуу конок лекция болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди ата-бабалардын мурастарына таазим этүүгө, тарыхты урматтоого жана мекенчилдик сезимди бекемдөөгө үндөө болду.

 Тарых кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Г. Анрабева жана улук окутуучу Ж. Рысбаева эжекелер  чакырылып, бул күндүн тарыхый мааниси, ата-бабаларыбыздын эрдиги жана элибиз башынан өткөргөн оор сыноолор тууралуу терең мазмунда баяндашты.

Окутуучулардын жүрөк толкуткан сөздөрү студенттерге чоң таасир берип, ар бир катышуучунун жүрөгүндө ата-бабалардын мурасына болгон сый-урмат жана мекенге болгон сүйүү сезимин ойготту. Иш-чаранын жүрүшүндө Ата-Бабаларды эскерүү мүнөтү жарыяланып, студенттер тарабынан патриоттук ырлар, ой толгоолор жана чыгармалар аткарылды.

Бул конок лекция аркылуу жаш муундар ата-бабалардын эл үчүн кылган эрдигин, элге болгон сүйүүсүн жана мекен үчүн жан аябаган баатырдык сапаттарын эстешип, алардын ысымдарын урматтоо — ар бир жарандын ыйык милдети экенин дагы бир жолу тастыкташты.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулардын жүрөгүндө тарыхка болгон сый-урмат, мекенге болгон сүйүү жана ыймандык баалуулуктарды даңазалоо сезимин калтырды.