1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

60

“Жип жана топчу менен иштөө”

2025-жылдын 6-ноябрында МЧББб-2-23 тайпасында окутуучу Маматова А.Б. тарабынан “Жип жана топчу менен иштөө” аттуу ачык сабак өткөрүлдү.

Бул сабактын негизги максаты – студенттерге жип жана топчу менен иштөө ыкмаларын үйрөтүү, алардын кол өнөрчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү, тыкандыкка, чыдамкайлыкка жана чыгармачылыкка тарбиялоо болду.

Сабак учурунда студенттерге жипти туура тандап колдонуу, топчуну тигүүнүн ырааттуу кадамдары, коопсуздук эрежелери жана тигүүнүн көркөм ыкмалары боюнча түшүндүрмө берилди. Практикалык бөлүктө ар бир студент өз алдынча жип жана топчу менен иштеп, алган билимин иш жүзүндө колдонду.

Жаш кол өнөрчүлөр өз иштерин көркөмдүк жана тактык менен аткарып, бири-бирине баа берип, пикир алмашышты. Сабак жандуу, кызыктуу жана чыгармачылык духта өтүп, студенттердин жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө болгон кызыгуусу артты.

Сабактын соңунда эң мыкты жана тыкан иш аткарган студенттер белгиленип, окутуучу тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Мындай ачык сабактар студенттердин практикалык көндүмдөрүн чыңдоого, эмгекке болгон кызыгуусун жогорулатууга жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.