1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

128

«Билим берүү процессинде педагогдун ролу жана кесиптик-педагогикалык маданиятты калыптандыруу»

Бүгүн 30.10.2025 ж Педагогикалык колледжде БКМ жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Маматкулова Назира эжеке «Билим берүү процессинде педагогдун ролу жана кесиптик-педагогикалык маданиятты калыптандыруу».  деген мастер-класс өттү.

Педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө багытталып, сабактарды натыйжалуу жана кызыктуу өткөрүүдө практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө арналган.

Педагогдун негизги ролу:

·         Окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү;

·         Сабактарды методикалык жактан туура уюштуруу жана кызыктуу өткөрүү;

·         Мотивация берүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүү;

·         Коопсуздук шарттарын камсыздоо.

Кесиптик-педагогикалык маданиятты калыптандыруу:

·         Педагогдун өзүн-өзү өнүктүрүүсү жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу;

·         Коммуникативдик, этикалык жана инновациялык көндүмдөрдү колдонуу;

·         Жаңы педагогикалык технологияларды практикада колдонууну үйрөнүү.

Практикалык блок:

·         Сабак мисалдарын талкуулоо жана анализдөө;

·         Интерактивдүү тренингдер жана практикалык тапшырмалар;

·         Педагогдордун өз тажрыйбасын бөлүшүүсү жана тажрыйба алмашуу.

Жыйынтык: Мастер-класс катышуучуларга педагогдун билим берүү процессиндеги маанилүү ролун жана кесиптик-педагогикалык маданиятты калыптандыруунун практикалык жолдорун көрсөттү. Педагогдор жаңы ыкмаларды колдонуп, сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.