1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

149

«Окутуу натыйжасына багытталган тапшырмаларды түзүү» 

30.10.2025 күнү педагогикалык колледжде ЖББ ПЦКсынын окутуучусу  Абдыкадырова Рахат эжеке  «Окутуу натыйжасына багытталган тапшырмаларды түзүү» темада мастер-класс өттү. Мастер-класстын максаты – педагогдорду окутуунун натыйжаларына ылайыктап так жана түшүнүктүү тапшырмаларды түзүү методдору менен тааныштыруу болду.

Мастер-класс учурунда катышуучулар окутуунун максаттары жана күткөн натыйжалары жөнүндө маалымат алышып, ар кандай тапшырмаларды түзүүнүн принциптери жана түрлөрү каралды. Өзгөчө көңүл окутуу натыйжаларына ылайык берилген тапшырмаларды түзүүдө тактык, максаттуулук жана баалоо критерийлерине байланыштуу болууга бөлүндү.

Практикалык бөлүктө педагогдор өз алдынча тапшырмалар түзүп, аларды талкуулашты. Мындай иш-чаралар педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатып, сабактарды натыйжалуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Жыйынтыгында, мастер-класс катышуучуларына окутуунун натыйжаларына багытталган тапшырмаларды түзүү боюнча практикалык кеңештер берилди жана жаңы ыкмаларды колдонууга чакырылды