1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

146

«Алымбек датка – Тоо Бүркүтү»

Бүгүн Педагогикалык колледжде БКМ 6-25 тайпасына Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орун алган улуу мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асан бий уулу тууралуу ачык тарбиялык саат уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын темасы: «Алымбек датка – Тоо Буркуту». Саат учурунда студенттер Алымбек датканын мамлекетти түптөө жана коргоо тарыхындагы ролун, анын дипломатиялык жана аскердик аракеттерин, элди бириктирген ишмердүүлүгүн терең иликтөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшү

·         Алымбек датканын өмүр баяны жана тарыхый эмгектери тууралуу баяндама жасалды.

·         Видеороликтер жана слайд-шоу көрсөтүлүп, катышуучулар визуалдык түрдө маалымат менен таанышышты.

·         Студенттердин катышуусунда суроо-жооп жана талкуу уюштурулду. Алар өз ой-пикирлерин айтып, тарыхый инсандардын сабактарын талкуулашты.

Мындай ачык тарбиялык сааттардын максаты – студенттерге патриоттук сезимди өстүрүү, тарыхый билимди бекемдөө жана келечек муунга Кыргызстандын баалуулуктарын жеткирүү. Алымбек датканын Тоо Буркуту катары көрсөткөн каармандык жана акылмандык ишмердүүлүгү бүгүн да биздин үчүн үлгү болуп саналат.