1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

160

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” 

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинде КР президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужол программасын ишке ашыруу максатта МЧББб-2-23 жана МЧББк-2-23 тайпаларынын студенттерине жандуу конок-лекция уюштурулду.

Жолугушууда Сузак районунун “Ынтымак” МЧББУнун тарбиячысы, райондук, облустук “Мыкты тарбиячы - 2024” сынактарынын жеӊүүчүсү, республикалык сынактын “Жаӊычыл таанытым” номинациясынын ээси Эркулова Нуржамал Шадыбековна “Мектепке чейинки курактагы ЭТНО-СТЕМ” аталышында бала бакчаларда “СТЕМ” стратегиясын улуттук өзгөчөлүктөр, баалуулуктар жана этнопедагогика  менен айкалыштырууну, жайылтууну жана натыйжалуу колдонууну практикалап берди.

Адистиктин 3-курстары үчүн бул тажрыйба жайылтуу иш-чарасы алдыда палндалган педагогикалык жана мамлекеттик практикаларды өтөө үчүн өз кесибине болгон кызыгууну арттырган, улуттук демди күчтөндүргөн эө сонун мотивация болду.